Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив
Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого жеке маалыматын тапшырган жаран гана катыша алат. Буга чейин биометрика боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси 2,6 миллионго жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 705 миң 418ге жеткенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет. 

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3,6 миллион жеке маалыматтарын чогултуу керек деп болжолдонгон.

Атамбаев: парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, президенттик шайлоодо маселе жаралбайт
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого жеке маалыматын тапшырган жаран гана катыша алат. Буга чейин биометрика боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси 2,6 миллионго жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирген.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталган. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. 

Биометрикалык маалымат 20-сентябрга чейин кабыл алынат. Андан кийин шайлоого байланыштуу 15 күндүк тыныгуу болот. Биометрикалык маалыматын ташырбаган жаран шайлоого катыша албай турганын өкмөт билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0