Кыргызстанда миграция боюнча мыйзамдардын ордуна жаңы Кодекс пайда болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив
Жогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграциялык кодекс миграция жаатындагы бирдиктүү документ болот. Долбоордо ушул мезгилге чейин миграция боюнча кабыл алынган ченем-укуктук актылары камтылат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаттары өлкөдө миграциялык процесстердин жакшыртуу максатында Миграциялык кодекстин долбоорун демилгелеп жатканы парламенттин сайтынан белгилүү болду.

ЖК Россияда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууну талкуулоодо
Ага ылайык, Кыргызстандагы "Ички миграция жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграция жөнүндө", "КР чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө" мыйзамдарын алмаштыруу каралган.

Миграциялык кодекс миграция жаатындагы бирдиктүү документ болот. Долбоордо ушул мезгилге чейин миграция боюнча кабыл алынган ченем-укуктук актылары камтылат.

Аталган документте виза маселесине өзүнчө бөлүм арналган. Анда виза алуу үчүн керектүү документтер, визалардын түрү жана категориясы аныкталган. Мындан тышкары, кодексте турист катары келе турган чет элдиктердин виза алуусу үчүн кайрылуунун электрондук варианты каралган. 

"Миграция жөнүндөгү" мыйзамда "иммигрант" жана "иммигранттын статусу" деген терминдер "Кыргызстандын аймагында туруктуу жашоочу" жана "Туруктуу жашоо түрү" менен алмаштырылды.

Жаңы миграциялык эрежелерди КР элчиси Уфадагы диаспорага түшүндүрүп берди
Долбоордун негиздемесинде Кодекс чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын милдети так аныкталган. Кодекске Кыргызстандын аймагында жүрүүсү талапка ылайык келбеген жарандарды аныктоо мүмкүнчүлүгү киргизилген. Мындай эреже мамлекеттин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук коопсуздукка шек келтирген чет элдик жарандарга карата колдонулат. 

Кодекс жарандыгы аныкталбаган чет элдиктерди мамлекеттин аймагынан чыгарып жиберүүгө шарт түзөт. 

Аталган долбооду КСДП фракциясынан депутаттар Нурбек Касымбеков, Абдыманап Кутушев, Чыныбай Турсунбеков, Эркин Сакебаев жана Ыргал Кадыралиева демилгелөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0