КРде манжа издери менен өзүн тизмеден тапкандардын саны Монголияга караганда жогору болот

© пресс-служба города ОшПроверка биометрических данных. Архивное фото
Проверка биометрических данных. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайырбек Сарпашев "Тизмеден өзүңдү тап" акциясы кандай жүрүп жатканына көз салды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Тизмеден өзүңдү тап" акциясынын жүрүшүн текшерип, бир катар шайлоо участкаларын кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сарпашев шайлоочулар менен болгон жолугушууда таза шайлоо өткөрүү үчүн жасалып жаткан аракеттер жөнүндө айтып берди.

"Учурда калктын жарымы таза шайлоо өткөрүү боюнча өкмөттүн аракеттерине ишенсе, жарымы ага ишенбей турат. Бул жолу эч кандай алдамчылыкка жол берилбейт. Биометрикалык маалыматтар менен добуш берүү бир катар партияларды жарга такап койду. Себеби алар, добуштарды "карусель", бюллетендерди дүңүнөн таштоо жолдору менен алабыз деп ойлошкон", — деди Сарпашев.

Мындай мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калгандыктан шайлоону таза өткөрүүгө жолтоо кылуу боюнча түрдүү жолдорду ойлоп башташты деп кошумчалады ал.

Шайлоо урнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия ар бир шайлоочуга өзүн тизмеден текшерүүгө чакырат
Биринчи вице-премьер-министр биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны өсүп жатканын айтып, акыркы төрт күндө 22 миң киши биометрикалык маалыматтарын тапшырганын кошумчалады.

Ал ошондой эле, Кыргызстандагы шайлоочулардын манжа издери боюнча идентификациялоо көрсөткүчү Монголияга караганда жогору боло турганын айтты. Себеби "Тизмеден өзүңдү тап" акциясынын жүрүшүндө 100 шайлоочунун 96сы өзүнүн аты-жөнүн манжа издери менен тизмеден тапкан. Калгандары ПИН-номерлер менен тапкан. Ал эми Монголияда болсо, бул көрсөткүч 100 шайлоочуга 94 шайлоочу туура келерин Сарпашев айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0