Эски үлгүдөгү паспорт менен жүргөн жарандар шайлоого катыша алат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эски үлгүдөгү паспортторго идентификациялык код жазылган ПИН-карта чапталат. Анын негизинде биометрикалык маалымат тапшырган жаран шайлоого катыша алат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 1994-жылкы паспорт менен 34 миң жаран добуш бере турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочунун тизмесинен өзүн текшерүүдө бишкектиктер ыкшоо болууда
Буга чейин өкмөт 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта эски үлгүдөгү паспортторду жараксыз деп табуу жана карыларга акысыз паспорт берүү тууралуу токтом чыгарган. Август айынын аягында Каттоо кызматы бир катар маселелерден улам паспорт алмаштыруунун мөөнөтү чектелбей турганын билдирген. 

Мунун менен бирге мыйзамга ылайык, шайлоочулар ID-card менен гана добуш берүүгө укуктуу экени аныкталды. Каттоо кызматы 60 жаштан жогорку курактагы жарандар белгиленген мөөнөттө паспорт алмаштырууга жетишпесе, шайлоого катышпай турганын жар салган. Аталган мекеменин маалыматы боюнча "көк" паспорттуу жарандардын жалпы саны 94 миңди түзгөн.

"Эски үлгүдөгү паспортту ID-card үлгүсүнө 60 миң жаран алмаштырууга үлгүрдү. Калганы паспортко чапталган ПИН-картанын негизинде добуш бере алышат", — деди Шаикова.

Каттоо кызматынын жетекчиси пенсия алып, бейтапканаларга көп кайрылгандыктан карылардын дээрлик баарынын ПИН картасы бар экенин белгилеп, эски үлгүдөгү паспорт алып жүргөн жарандардын баары биометрикалык маалыматын тапшырганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0