ТЭЦтеги өрттүн себебин "Электр станциялары" ишканасы түшүндүрүп берди

Жазылуу
Компаниянын билдирүүсүндө өрткө Бишкек ТЭЦинде галереялардагы конвейер кабелдеринин чыңалуусу себеп болгон.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү болжол менен түнкү саат 10.25те борбордук ТЭЦте өрт чыгып, 570 чарчы метр жерге жайылганын Sputnik агенттигине "Электр станциялары" ишканасы билдирди.

Бишкектеги ТЭЦ. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦте чыккан өрт эки саат дегенде гана өчүрүлдү
Компаниянын билдирүүсүндө өрткө Бишкек ТЭЦинде галереялардагы конвейер кабелдеринин чыңалуусу себеп болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен эки саат бою алышкан. Компания кырсыктан жабыркагандар болбогонун белгилейт. Мындан тышкары, өрттөн ТЭЦтин эч бир жабдуусу иштен чыккан эмес. 

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0