Искендер Кадыркулов кайрадан "Түндүкэлектро" ишканасын жетектеди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүБош кресло. Архив
Бош кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2012-жылы "Түндүкэлектро" ишканасынын директорлор кеңеши ошол кездеги жетекчи Кадыркуловду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен кызматынан алган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Директорлор кеңишинин чогулушунда "Түндүкэлектро" ишканасынын жетекчиси болуп кайрадан Искендер Кадыркулов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирет.

Кадыркулов буга чейин да аталган ишкананы жетектеп келген. 2012-жылы "Түндүкэлектро" ишканасынын директорлор кеңеши аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен кызматынан алган. Ушу кезге чейин жетекчилик милдетти "Түндүкэлектро" ишканасынын техникалык директору Кубанычбек Турдубаев аткарып келген.

Электр өчүргүчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүкэлектро: электр кубаты үнөмдөлө баштады
Кадыркулов андан кийин аталган компания жетекчисинин экономика жана инвестиция тартуу боюнча орун басары болуп иштеген. 

Учурда анын ордуна директорлор кеңешинин чечими менен Аскар Эшимбеков дайындалды.

"Түндүкэлектро" ачык акционердик коому Кыргызстанды энергия менен камсыз кылган алдыңкы компания. Ишкана өзүн өзү актоо принциби менен Чүй, Талас облустарына жана Бишкек шаарында электрэнергияны бөлүштүрүп жана сатат.

Жыл башына карата ишкананын тейлөөсүндө 25 миң 991 юридикалык жак жана 512миң 987 абонент катталган. Компаниянын 80,49 пайыз акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. 13,16 пайызы Соцфонддун карамагында, ал эми калган үлүшү юридикалык жана жеке жактардын ээлигинде турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0