Ажылыккка бара турган зыяратчылардын акыркы тобу эртең учуп кетет

© flickr.com / Al Jazeera EnglishМусулмандар. Архив
Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Мекке шаарында үч миң эки жүздөн ашуун кыргызстандык зыяратчы ажылык амалдарын аткарууда.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Бишкек шаарынан Сауд Аравиясынын Мекке шаарына эртең жөнөп кетет деп билдиришти Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан. 

Алардын маалыматында, учурда Мекке шаарында үч миң эки жүздөн ашуун кыргызстандык зыяратчы ажылык амалдарын аткарууда.

"Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү мейманканадагы тазалыкты, тартипти сактоо жана Сауд Аравиясынын ажылык министрлигинин буйруктарын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Ага муфтийдин орун басары Равшан Эратов, муфтияттын диний окуу жайлар бөлүмүнүн адистери, штаб мүчөлөрү катышты", — деп билдирди Мекке шаарынан штаб мүчөсү Умар Карыпов.

Муфтияттан ажылар Меккенин Дауркудей районундагы "Вакуф Якубек" мейманканасына жайгашканын жана былтыркыга караганда шарттары жакшы экенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0