Мэрия ар бир шайлоочуга өзүн тизмеден текшерүүгө чакырат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүШайлоо урнасы. Архив
Шайлоо урнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шайлоочунун тизмесинен өзүңдү текшер" акциясы Кыргызстандын биометрикалык маалымат тапшырган ар бир жаранына өзүн тизмеден текшерүүгө жана жаңы шайлоо системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкекте мэрия менен Мамлекеттик каттоо кызматынын "Шайлоочунун тизмесинен өзүңдү текшер" аттуу он күндүк акциясы башталганын шаардык муниципалитет билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Анда 14 саясий партия ат салышат.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочуларды жашаган дарегин так көрсөтүүгө чакырууда
Маалыматта айтылгандай, акция Кыргызстандын  биометрикалык маалымат тапшырган ар бир жаранына өзүн тизмеден текшерүүгө жана жаңы шайлоо системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарынын ар бир шайлоо участкасында шайлоочунун жеке маалыматы киргизилген жабдыктар орнотулуп, ал жерден жарандар идентификациядан өтө алышат. Бул үчүн ушул күндөрү шайлоочу паспорту менен участкага келиши керек.

Мындан тышкары, жарандар Каттоо кызматынын 0312 98-61-41 телефону аркылуу шайлоо процесси, тийиштүү документтер, биометрикалык маалымат кабыл алуу пункттары, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү дарегинин өзгөрүшү сыяктуу маселелер боюнча маалымат ала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0