Атамбаев: Усубалиев Кыргызстанды өнүктүргөнү үчүн кызматтан алынган

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев Турдакундун Усубалиевдин акыркы сапарга узатуу зайнатында
Президент Алмазбек Атамбаев Турдакундун Усубалиевдин акыркы сапарга узатуу зайнатында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу инсанды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Сот Феруза Жумашева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарын көрктөндүрүп өнүктүргөнү үчүн жумуштан алынган деди президент Алмазбек Атамбаев улуу инсанды акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Учурда Ала-Тоо борбордук аянтында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу тажиясы өтүп жатат.

Митинг-реквиемди премьер-министр Темир Сариев ачып, президент Алмазбек Атамбаевге сөз берди. 

"Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө өмүрүн арнаган мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевичтин эмгеги менен көптөгөн маданий-архитектуралык курулуштар салынып, борбор калаа көркүнө чыккан. Бирок түшүнбөстүктөрдөн улам бул аракети бир топ сынга кабылып, жумуштан алынган. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Усубалиевди бекеринен "Бишкектин архитектору" деп атабаган чыгар. Кыргыз эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу", — деди өлкө башчы

Зыйнатка ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Сот Феруза Жумашева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.

Турдакун Усубалиев 96 жашында узак оорудан кийин каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0