Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда айрым көчөлөр жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖабылган жолдун белгиси. Архив
Жабылган жолдун белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-сентябрь күнү эртең мененки саат 8ден 12ге чейин аза күтүү колоннасынын кыймылына жараша көчөлөрдөгү жол кыймылына чектөө киргизилет.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтө тургандыктан, шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабыларын Жол кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрь күнү эртең мененки саат 8ден 12ге чейин аза күтүү колоннасынын кыймылына жараша көчөлөрдөгү жол кыймылына чектөө киргизилет:

Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтүшү мүмкүн
Резиденциядан баштап Тынчтык, Манас проспектилери боюнча Чүй проспектине чейин; 

Чүй проспектинин Тыныстанов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейинки бөлүгү;

Ала-Арча көрүстөнүнө жакын жайгашкан көчөлөр.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0