Сариева: атаандаштыкка жөндөмсүз ЖОЖдор жабылат

© Фото / Турарбек ОмуралиевБилим министрликтин жетекчиси Элвира Сариева. Архив
Билим министрликтин жетекчиси Элвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку окуу жайларын жакшыртуу эки баскыч менен өтүүдө. Оптимизациялоо иштери биринчи баскычында окуу жайдын өзүндө өтсө, 2016-жылы ЖОЖдун буга чейинки ишмердүүлүгү, аттестация жыйынтыгы, студенттердин жетишкендиги эске алынып, атаандаштыкка жөндөмсүз окуу жайлар жабылат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө юридикалык жак катары иш алып барган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын 21 структуралык бөлүгү кайра уюшулганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Президент: келечекте пайдасы тийбеген дипломдорду берүүнү токтотуу керек
Маалыматка ылайык, бүгүн аталган министрликтин жетекчиси Элвира Сариева мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугуп, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталган ЖОЖ бөлүмдөрүн кайра уюштуруунун жыйынтыктарын талкуулады.

Учурда юридикалык жак статусуна ээ КМУ, КМТУ, КМКТАУ, Арабаев атындагы КМУ, ЖАМУ, БатМУ, БГУ, КЭУнун 21 бөлүмү кайра уюшулуп, андан 122 миллион сом өлчөмүндө пайда түшкөн.

Жолугушуу учурунда Сариева ЖОЖдор окутуучулардын айлык акысын көтөрүшү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, ректорлорго мыйзам чегинде бекитилген тартипте кайра уюштуруу иштерин өз убагында аягына чыгарып, бул тууралуу министрликке отчет берүү тапшырылды. 

Жогорку окуу жайларын жакшыртуу эки баскыч менен өтүүдө. Оптимизациялоо иштери биринчи баскычында окуу жайдын өзүндө өтсө, 2016-жылы ЖОЖдун буга чейинки ишмердүүлүгү, аттестация жыйынтыгы, студенттердин жетишкендиги эске алынып, атаандаштыкка жөндөмсүз окуу жайлар жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0