Рак дарты менен күрөшүүдө ыктыярчылар саясий партиялардан жардам сурашат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан киши. Архив
Ооруканада жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулуулардын 50 пайыздан ашыгы дарт кеч аныкталгандыктан, бир жылдан ашык гана жашайт дейт ыктыярчылар.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы рак илдетине каршы коомдук кыймылы саясый партиялардан жардам сурайт. Бул кыймылдын катарында коомдук уюмдар жана ыктыярчылар бар.

Алар онкологиялык оорулууларга мамлекеттин болгон мамилесин өзгөрткүлөрү келет.

Ыктыярчылардын маалыматында, рак менен ооругандардын саны үч миң кишиге дейре көбөйүүдө. Дарты кеч аныкталгандыктан алардын көбү бир жылдай гана жашайт дейт ыктыярчылар.

"Өлкөдө рак илдетинин алгачкы белгилерин аныктаган система жана алдын алуу программасы иштебейт. Рак илдетине чалдыккандарга медициналык жардам берүү боюнча мыйзамда каралган нерселер иш жүзүндө жасалбай, кагаз жүзүндө калууда", — дешти алар. 

Рак илдети – өлүм үчүн чыккан өкүм эмес
Ыктыярчылар мамлекеттик кепилдик программасы оорулууларды дээрлик эч нерсе менен камсыздабай турганын кошумчалашты.

Алар саясий партиялардын программаларына онкология көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун камтыган программаларды киргизүүсүн талап кылышат.

Коомдук активисттер Бишкек жана Ош шаарларындагы поликлиникаларды жана лабораторияларды рентген жабдуулары менен жабдууну жана нур менен дарылоо аппараттарын сатып алууну сунушташты.

"Учурда өлкө боюнча мындай аппарат бирөө гана. Ал эбак эле эскирген. Оорулуулар убагында текшериле албай калууда", — дейт активисттер.

Саясий партиялар алардын сунушун эске алып, онкологиялык оорулуулардын көйгөйүн чечкенге жардам берет деп үмүт артышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0