Шайлоочулар үчүн маалымат телефону дем алышсыз иштейт

© Sputnik / Родионова ДиляМамлекеттик каттоо кызматы. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш телефондору үстүбүздөгү жылдын 30-августунан баштап эс алуу күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин, ал эми иш күндөрү 9.00дөн 20.00гө чейин иштейт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын шайлоочуларга добуш берүү процедурасына байанышкан бардык маселелер боюнча жооп бере турган маалымат телефону  18-августтан бери иштей баштаган, эми дем алышсыз кабыл алууга даяр экенин аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, байланыш телефондору үстүбүздөгү жылдын 30-августунан баштап эс алуу күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин, ал эми иш күндөрү 9.00дөн 20.00гө чейин иштейт. 

"Жарандар Каттоо кызматынын 0312 98-61-41 телефону аркылуу шайлоо процесси, тийиштүү документтер, биометрикалык маалымат кабыл алуу пункттары, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү дарегинин өзгөрүшү сыяктуу маселелер боюнча маалымат ала алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, биометрикалык каттоодон өтүп кайсы участоктон добуш бере тургандыгы жөнүндө shailoo.srs.kg. сайтынан маалымат алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0