Автоунаа салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо
Автоунаа салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча салык органдары тарабынан рейд жүргүзүлөт. Анын ичинде МАИ кызматкерлери менен биргеликте транспорт, кыймылсыз мүлк боюнча ар бир үйдү жана батирди кыдыруу иштери уюштурулат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрь күнү автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Клавиатура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салыктарды интернет аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү жаралды
Маалыматка ылайык, эртең, 2-сентябрда кечке чейин турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. 

Салык кызматы төлөнбөгөн суммаларга туум эсептөө жана административдик жоопкерчиликке тартуунун алдын алуу максатында бардык транспорт, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат.

"Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт. Анын ичинде МАИ кызматкерлери менен биргеликте транспорт, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кененирээк маалыматты 194 номери боюнча алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0