Концерттен кийин Ала-Тоо аянтынын 90 куб таштанды алынып чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерттен кийин Ала-Тоо аянтынын 90 куб таштанды алынып чыкты
Концерттен кийин Ала-Тоо аянтынын 90 куб таштанды алынып чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аянт желим бөтөлкөлөр менен кагаз таштандыга толуп калган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган концерттен кийин Ала-Тоо аянтынан 90 куб метрден ашуун таштанды алынып чыкканын "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди.

Дүйшөмбү күнү эгемендүүлүккө карата россиялык жана кыргызстандык эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өттү.

Сарпашевдин айтымында, "Тазалык" ишканасынын 60 кызматкери концерттен кийин дароо тазалоо иштерин башташкан.

"Аянтта негизинен желим бөтөлкөлөр менен кагаз таштанды көп экен. Адамдар биринчи жолу шаарга келгендей элес калтырышты", — деди ал. 

Короо шыпыруучулардан тышкары, аянтты таштандыдан 11 унаа тазалады. Сарпашев аянтка тигилген гүлдөр анча жабыркабаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0