Нарындын Үгүт айылында 34,5 млн. сомдук көпүрө салынды

© Фото / Айнура ДуйшокНарындын Үгүт айылында 34,5 млн. сомдук көпүрө салынды
Нарындын Үгүт айылында 34,5 млн. сомдук көпүрө салынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрө пайдаланууга мөөнөтүнөн үч ай мурда берилди.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында Терек-Суу дарыясы аркылуу өткөн 54 метрлик көпүрө ачылды. Бул туурасында Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эгемендүүлүк майрамын Нарын концерт жана спорт оюндары менен тосуп алды
Көпүрөнүн ачылышына Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков, Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жана район акими Семетей Черикбаев, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Көпүрө белгиленген мөөнөтүнөн үч ай мурда пайдаланууга берилди. Курулуш иштерин былтыр июлда "Кербенжолкурулуш" ишканасы жүргүзгөн. 

54 метр көпүрөнү курууга республикалык бюджеттен 34 миллион 567 миң 890 сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0