Жээнбеков: адал эмгек менен ажайып өлкөнү куруу — ар бир кыргызстандыктын милдети

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага өз сөзүндө жакынкы максат – улуттук баалуулуктарга таянган адилет коом куруу, өлкөнүн бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоо, журт биримдигин чыӊдоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, калк турмушун жакшыртуу экенин белгиледи.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктаганын парламенттик маалымат кызматы билдирет.

Төрага өз сөзүндө жакынкы максат – улуттук баалуулуктарга таянган адилет коом куруу, өлкөнүн бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоо, журт биримдигин чыӊдоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, калк турмушун жакшыртуу экенин белгиледи.

"Акыркы жылдары мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, коомубуздун биримдигин чыӊдап, экономикабызды өргө сүрөп, социалдык адилеттүүлүктү калыптандырып жатабыз. Элибиздин эгемендиги менен мамлекетибиздин көз карандысыздыгы – өтө аяр сактап, урпактарга өткөрүп берчү зор дөөлөт", — деди Жээнбеков.

Спикер өз куттуктоосунда бардык каалоо-тилектердин орундалышына тилектеш экенин билдирип, ак ниет, адал эмгек менен ажайып өлкөнү курууга жардам берүү ар бир кыргызстандыктын милдети экенин айтып өттү.

Быйыл Кыргызстандын көз карандысыз өз алдынча мамлекет болгонуна 24 жыл толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0