Күмөндөр Абылов: акырындап аялыңа демилгени өткөрүп бере баштайсың

© предоставлено Кумондором АбыловымКуудул Күмөндөр Абылов. Архив
Куудул Күмөндөр Абылов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көбү мени куудул катары билет. Сахнада жараткан Кожо Насыр, Алдар Көсө, Багдасар аке, Шаршендин образын жараткан ролдорумду эл билбей калды, дейт белгилүү артист.

Театр дүйнөсүнө берилип, сахна адамы экенине карабай, куудулдугу менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү болгон Күмөндөр Абылов менен Спорт ордосунда бильярд ойноп жаткан кезинде жолуктук. Бүгүн 57 жаштын босогосун аттап жаткан белгилүү инсан менен маңдай-тескей отуруп, Sputnik маалымат агенттигинин корреспонденти театр, кыргыз сатирасы, адамгерчилик тууралуу кеп учугун улады.

— Эс алып жаткан окшойсуз, сизди күн-түн дебей бильярддын артынан түшүп кеткен чебер дешет… 

— Бир жолугушууга бараткам, карасам эки сааттай убактым бар экен, кичине ойной калайын деп кире калгам. Жаш кезде гастролдоп жүрүп ойночу элек да, театрдын өзүндө да бильярд бар болчу. Ошондон бери ойнойм. Күндөп-түндөп ойноп кеткен учурларым болгон. Негизи түн ичинде ойногон жакшы, ээн болот. Анан тели-теңтуштар менен чогулуп ойноп калабыз.

© предоставлено Кумондором АбыловымБагдасар аке спектаклинде. Багдасар.
1/3
Багдасар аке спектаклинде. Багдасар.
© предоставлено Кумондором АбыловымКуйоо бала спектаклинен. Жоробай.
Куйоо бала спектаклинен. Жоробай. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Куйоо бала спектаклинен. Жоробай.
© предоставлено Кумондором АбыловымДостору менен
3/3
Достору менен
1/3
Багдасар аке спектаклинде. Багдасар.
2/3
Куйоо бала спектаклинен. Жоробай.
3/3
Достору менен

— Атактуулугуңуз кедергисин тийгизген учурлар болду беле?

— Көбүнчө ырахатын эле көрүп келе жатам. Көчөдөн сыйлап учурашып калышат. Эми жашоодо ар кандай болот да. Кээде базарга барып калсаң, "эй, мына-мына, Күмөндөр" деп бири-бири менен шыбырашып калгандарды угуп-көрүп эле калам. Айрымдары тимеле сөөмөйү менен көрсөтүп алышат. Көнүп деле калдым. Көнбөгөндө, каякка барат элем, эл таанып атат деп көчөгө чыкпай калайымбы…

— Сахнага чыгууга даяр болбой калган кездер эсиңиздеби?

— Андай учур көп эле болот. Сахна артында урушуп аткан болосуң, мушташканга чейин барып. Кээде өзүңөн өзүң эле маанайың түшүп, жабыркап турган учур болот.

— Ички дүйнөдөгү бороон-чапкынды билдирбей күлүп-жайнап чыга келесиз, анан?

— Ананчы, ошончо эл карап күтүп отурса даяр эмес элем деп чыкпай коймок белең. Чыгасың да. Сахнанын өзүнүн керемети бар. Элди көрүп, ар бир айткан сөзүң таамай тийип жатканын сезип турсаң, өзүңөн өзүң элирип, сөзүң көбөйүп, толкунданып, көбүртүп-жабыртып да жибересиң. 

— Эл айткандарыңызга күлбөй койгон учурлар да болду беле?

— Адамдар ар кандай да. Кээде эл менен байланыш таптакыр болбой калат. Илхом жоголуп кетип, айтайын дегенимди жеткире албай калам. Айрым учурда келгендердин кабыл алуусу башкача болуп калат. Сезип-туясың да, андай учурда кыскартып, сахнадан кеткиче шашасың.

— Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеп келесиз. Бирок элге атыңызды куудулдук өнөр чыгарды. Кайсы тармак дилиңизге жакын?

Нааразычылык, божомол, түкшүмөл коштогон "Шабдан баатыр"
— Театр жакын. Мен чыгармачылыгымды да ушул театрдан баштап, анан бара-бара куудулдукка өткөм. Анда деле ушуга өтөйүн деп ойлонуп-толгонуп отурду дейсиңби, өзүнөн өзү эле болуп кетти. Илгери спектакль коюп гастролго барганда кечинде сөзсүз түрдө жамаат концерт бериши талап болчу. Ошол концерттерде мен аккордеон тартчумун, интермедияларда ойночумун. Анан борборго "Мыскыл жана тамашага" чакырып калышты. Көп эле интермедияларым бар болчу, бирок "Тараканлар" өтүп кетип, атымды да ошол интермедия чыгарды.

— Кечиресиз, бирок сиздин театр сахнасында жараткан ролдоруңуз тууралуу көпчүлүктүн кабары болбосо керек…

— Тилекке каршы, ошондой болуп калды. Бул менин өксүгүм. Көбү мени куудул катары билет. Сахнада жараткан Кожо Насыр, Алдар Көсө, Багдасар аке, Шаршендин образын жараткан ролдорумду эл билбей калды. Ой, мен эмес, бүгүнкү театрдын корифейи эле, Мукамбет Токтобаев агабыз каза болгондо ал ким дегендер чыкпадыбы. Ал деген кезинде дүйнөлүк фестивалдарда Шекспирдин Лир королунун ролун ойноп таанылган. Буга бир чети биздин телевидение күнөөлүү. Кыргыздын не деген залкарларын тартпай калды, алардын эмгеги, жараткан образдары элге жетпей калды. Айта берсең, арман көп дегендей кеп да.

— Кабыргаңыз кайышып, жан дүйнөңүз жабыркап турганда сахнага чыгууга туура келди беле?

"Тумар Арт": мүйүздөн жасалган кыл кыяк бизде эле бар
— "Король Лир" спектакли жүрүп жаткан. Мен Освальддын ролун ойночумун. Ал кезде атам ооруп жаткан эле. Сахнага кирип-чыгып атып, актерлордун улам эле шыбырашып калгандарын байкап калдым. Мага жолошпойт. Сездим. Атам бирдеме болгон экен дедим. Эмнени сүйлөшүп атасыңар деп сураганга даай алган жокмун. Жарданып карап отурган элди ойлодум. Менин ичимдеги дүрбөлөң менен элдин иши канча. Чымырканып сахнага чыгып кеттим. 

Буга чейин деле спектакль учурунда баласы же дагы бир жакыны өлүп калып, сахна артына чыкканда буркурап-боздоп, кайра каткырган боюнча сахнага чыгып кеткен актерлор тууралуу укчумун. Ошондо эле аларды түшүнчүмүн, туура кабыл алып. Менин да башыман ошол нерсе өттү. Алдымдан жер көчүп турса да, сахнаны, элди таштай алган эмесмин. Спектакль бүтөрү менен шашып-бушуп үйгө жөнөп калдым. Артыман балдар чыгып үйгө жеткирип келишти. Мен үйгө жеткиче артисттер үйгө барып калышыптыр, ошол жерден угузушту…

— Бул сахнанын сиз үчүн биринчи орунда турушубу?

— Сахна — ыйык. Ошол жерден нан таап жеп, ичиңдеги букту чыгарып, өзүнчө бир башкача дүйнөгө туш болосуң. Ушу театр, сахна деп жүрүп мени кенедейимен багып, атамды байке, апамды жеңе дедирген чоң апама топурак салбай калгам. Анткени ал учурда мен башкы ролдо болчумун, эгер мен барбай калсам, канча деген киши иши жок ачка калмак, гастроль үзгүлтүккө учурамак. Бирок сезет экенсиң, бир ай жок болдум, жүрөгүм түпөйүл тартып, кандайдыр бир ыңгайсыз абалда жүрдүм. Жакындарыма топурак сала албай калган көп эле учур болду. 

Бул мактаныч же көпкөндүк эмес, бул театрды, ага келген адамдарды чексиз сыйлоо деп эсептейм. 

— Балдарыңыздын баарын үйлөнтүп-жайлантып, куда күтүп дегендей, небере жытына ырахатка бөлөнүп жаткан кезиңиз болсо керек?

Кызыл Аянт, Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өксүк менен кубаныч коштогон жашоо. Маркумдун сөөгүн талаада калтырбай турган кандаштар
— Жашың өр таяп калганда жаштык кездеги шаан-шөкөттүн баары калып, ушу балдар үчүн жашап калат экенсиң. Ошолордун кемтигин толуктайын, багытын оңдоп-түзөйүн деп калат экенсиң. Ой, ал байкуштарды кичинекейинде шаарда үйү турса, жатаканага жаткырып окутпадымбы. Чыгармачылыкка аралашсын деп, төртөөнү тең Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка бердим. Анан ушундай туура болот деп эсептесем керек го, жаман-жакшы көрүнүп атып жатаканадан орун алып бердим. Оюмда сабактан кийин калып дагы окушсун деп атам да. Көрсө, бирөөнүн баласын бирөө карабайт экен. Кыйратып деле жиберишкен жок, анан окуудан чыгарып алдым. Үйгө келгенден кийин карасам баягы балдарым жок, жерде сүлгүр жатса, ошону алып коёюн дебей аттап кетет, күйгүзүп. Дейди болуп калышыптыр. Улуу-кичүүнү урматтоо, сыйлоо деген жок. Араң үйрөтүп жолго салбадымбы. Анан ошол балдарыңдын балдары ысык эле көрүнөт экен. Эки уулум, эки кызым бар. Баары өз ордун табышкан. Алты неберем бар.

— Негизи эркек адам жашы өйдөлөгөн сайын аялдын айтканы менен болуп калат деген түшүнүк бар эмеспи. Бу жөнүндө өзүңүз да сатираларыңызда көп айтасыз. Баамымда, азыр сиз да ушул куракка келип калыптырсыз…

Кыргыз кыз бийчилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канадалыктардын рейтингинде кыргыздар кытайлар менен өзбектерден таланттуу болуп чыкты
— Мм… Эми мындай да, жаш кезиңде чын эле көп нерсеге моюн бербейсиң, оюңа келгенди жасап. Анан улам жашың өйдөлөгөн сайын токтоо тартып, акылдашып, кеңешип оокат кылып калат экенсиң. Бул, менин оюмча, баш ийүү эмес, бири-биринин кадырын түшүнүү, сыйлоо го. Эми аялың туура нерсени айтып атса, "жок, мен айткандай болот" деп кашайып туруп алгандын эмне кереги бар. Же аялдай болуп, бир нерсенин майда-чүйдөсүн байкай албасак. Анын үстүнө ыкшоо тартып, жалкоо тартып калат экенсиң. Жаныңдын тынчын көздөп "өзүң эле билип жасап койчу" деп акырындап демилгени өткөрүп бере баштайсың, акырын далысынан таптап коюп… Баары орундуу жасалып атса, мээси азыраак эле киши моюн толгой бербесе, акылы толук адам макул болот да.

Жаңылыктар түрмөгү
0