"Тез жардамдын" дарыгери: туугандары өлгөн кишини жандандырууну сурашкан

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уксус ичүү азыр артта калган. Ал ичиңдин баарын күйгүзүп, оорунун катуусунан жаныңды көзүңө көрсөтөт да. Азыр дары жутканга өтүшкөн. Баса, бирок ал да кинодогудай көркөм болбойт. Анын эч жакшы жагы жок, жаныңды гана кыйнайт дейт врач-реаниматолог.

Адамды тамаша менен кантип өлтүрсө болот, жалгыз кемпирлер түнкүсүн кантип көңүл ачышат жана врач-реаниматологдордун аркасы менен бишкектик айымдар жеке жашоолорун кантип жөнгө салышат? Sputnik агенттигинин кабарчысы бир күн бою "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери менен болду.

Жер үйдүн кичинекей бөлмөсү. Керебеттин жанында бир кызгылт суюктукка толгон банка турат. Күңүрт тарткан жарык араң эле күйөт.

— Ааааа! Ооруп жатат!

— Азыр, апа, чыдай тур! Доктор, апама жардам бересиз да, ээ?

— Билбейм. Кан басымы өтө эле түшүп кетиптир. Аман калат деп кепилдик бере албайм.

52 жашар Екатерина Николаевна аракты баш көтөрбөй үч жума бою, болушунча шыңгытыптыр. Он күн мурун сынган колу карарып кетиптир. Екатерина Николаевна ууккандан өлгөнү жатат.

Каска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик куткаруучу: ымыркайды ажатканадан алып чыгып жатканда ыйлагам
… Кызматчылар уктап жаткан офисти элестете аласызбы? Керебет, жууна турган жайы бар офис. Бишкектин тез жардам станциясынын ар бир бөлүмүндө керебеттер турат. Бейтаптар үчүн эмес, анда иштегендер үчүн. Менин кыз экениме, болгондо да, чоочун экениме эч көңүл бурбастан, тез жардам кызматынын фельдшери түз эле чечинип, төшөккө кирип кетти. Ал түнкүсүн иштеп келген. 12 саат. Бир нече мүнөттөн кийин реанимация бөлүмүндө коңурук угулду. Менин маектешим реаниматолог Саиддин да уйкусу келип жатат. Бирок азыр уктасам, анан турушум кыйын болот дейт ал. Кофе ичип жатабыз.

— Бригаданы кимдер баарынан көп чакырат?

— Ар кандай. Баса, жаш келиндер көп чакырат. Күйөөлөрү менен урушуп алып, эси ооп жыгылып калышат. Мен андайларды билип калдым.Туугандарын бөлмөдөн чыгып кетишин сурайм да, "өлгөнү жатканга" дагы бир жолу ушундай кылсаң, психиатрларды чакырабыз деп акырын шыбырап коём. Жардам берет.

— Баарынан кимге барган эң жагымсыз? Жол кырсыктарына болсо керек? Ал жерде жаракат алгандар, кан, сыныктар дегендей …

— Жок, мен жипкирбейм деле. Андайга кадимкидей эле карайм, андай-мындай деп отурганга убактым да жок. Тентимиштерге барганды жаман көрөм. Жыттары жаман, өзүңүз билесиз. Колума кол кап, мурдума маска кийгенден соң гана аларды карайм.

— Корпойсузбу? Алар чаап жибергенден деле кайра тартпайт да …

Мүрзө башында кызыл чеке болгондор, 8 сантиметрлик петрушка жана баласын танган эне
— Тентимиштер анча коркунучтуу эмес. Баңгилерден чындап корксо болот. Бирөөсү ашык сайынып алып, аны өзүнө келтириш керек болсо, калгандары жаңы солугуп жаткан болот. Агрессивдүү, бир нерсе жакпай калса, тээп да, уруп да жиберишет. Анан калса, бейтаптын кызуу кандуу туугандарына туш болуп каласың. Өзүлөрү чакырып алып, киргизбей коюшат. Кыйкырышы да мүмкүн. Кыскасы, сыйлашпайт. Ишенишпейт.

Жигит өзүн жаман сезип жатат деп бир жолу бир чакырык түштү. Биз окуя болгон жерге учуп жөнөдүк. Туугандары аны бизге карай алып жөнөшөт. Көчөдө бир жерден жолуктук. Карасак, денеси эбак сууп сенейип калыптыр. Тигилер болсо аны бир сааттан бери дем албай жатат дешет. Мени кайра эсине келтир, жандандыр деп жалынышты. Коркутуп да алышты.

— А сиз эмне кылдыңыз?

— Эч нерсе. Бизден өлүктү сактап кал деп көп сурашат. Анте албайбыз. Туугандары үчүн жакынынын өлүмүн кабыл алыш кыйын.

— Айтпаңыз, бул чоң жоготуу да. Деги эле жакыны өлүп калганын адамдар кандай кабыл алышат? Ызы-чуу болуп кыйкырып ыйлагандар көп болобу же дендароо болуп, үн ката албай калгандарбы?

— Ар кандай болот. Баса, киши өз жанын өзү кыйган учурда туугандары анча катуу кабыл алышпайт. Бирок биринчи аракети менен өзүн ар ким эле өлтүрө албайт. Ал эми үчүнчү жолу аркандан бошотуп жатканда, жакынынын өлүмүн тынч эле кабыл алышат.

— Асынып өлгөндөр көп болобу же башка ыкмаларды да тандашабы?

Атышуу болгон аймакка бараткан тез жардамдын машинасы ала салды
— Ар кандайы толуп жатат. Бирок уксус ичүү азыр артта калган. Ал ичиңдин баарын күйгүзүп, оорунун катуусунан жаныңды көзүңө көрсөтөт да. Азыр дары жутканга өтүшкөн. Баса, бирок ал да кинодогудай көркөм болбойт. Анын эч жакшы жагы жок, жаныңды гана кыйнап коёт.

Чакырык келгени жөнүндө катуу үндүү байланыш аркылуу кабарлашат экен. Аны укпай калыш мүмкүн эмес. Камынганга эки мүнөт берилет. Биз заматта кардиологдордун бригадасы менен чогуу реанимобилде отуруп калдык. Мындай машина 120 миң доллар турат. Күнүнө бир нече жолу аны заряддап туруш керек – медициналык жабдууларга өз алдынча электр азыгы талап кылынат экен. Жанымда дарыгер Фуркат отурат. Машинени айдаган Съезбек байке.

— Съездбек байке, эмнеге сиренанын иштетпейсиз?

— Көп эле иштете берсе, бизге ишенбей калышат. Жеке менчик "Тез жардамдар" дайыма сирена менен жүрүшөт. Анын үстүндө, азыр жол тыгындары ушунча көп, бизди анча деле өткөрө коюшпайт. Жөн эле ызы-чуу менен элдин ашыкча тынчын ала бергим келбейт – баары бир көчөлөр толгон. Эреже менен жүрүүгө аракет кылабыз. Бирок азыр жөөлөп эле жөнөшөт. Биздин үч машина оңдоодо турат — эч ким тез жардамды өткөргүсү келбей койгон.

— Фуркат, айдоочулардын мындай мамилесинен киши өлүп калган учур болду беле?

— Ооба. Бир киши өлүп калган. Жолдо кымкуут болуп турган мезгилде жүрөгү кармап калыптыр. Тыгын өтө эле көп болчу. Жүрөгүн эки жолу иштеттик, бирок баары бир ооруканага жетпей калганбыз. Ал тирүү калат беле деп көп ойлоном. Бирок билбейм. Өтө кеч жетип калган учурларыбыз болот. Андайлар аз эмес. Мурда андай окуялардан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрчүмүн. Азыр көнүп калдым. Өзүңдү кыйнап эмне?

— Мен силердин ишиңерден алыс киши катары, дарыгерлер бейтапты сакташ үчүн чуркап жөнөгөндүн ордуна, чай ичип отуруп алгандыктан тез жардам кечигип келет деп ойлочумун. Силерде, мисалы, чакырыкка бара жатып эле башка жакка кирип кеткен учур болгонбу? Жок дегенде, бир жолу?

— Андай болушу мүмкүн эмес. Ар бир унаада навигатор бар. Башка жакка буруп кетсек, дароо байкалып калат. Бир жерге токтоп калган учурда да, ошол замат рация менен чакырып, эмне болгонун сурап турушат.

— Бирок баары бир кээде кудайды карабагандай кечигесиңер. Төрт саатка жеткен учур да болот.

Зенько: Кыргызстанда медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп баштады - Sputnik Кыргызстан
Зенько: Кыргызстанда медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп баштады
— Мына, карап көрөлүк. Менин бир сменамда 15-18 чакырык келет. Түштө 20 мүнөт тамактанам. Кечки тамакка да ошончо кетет. Ооба, биз кечигебиз. Жетишпей калабыз. Бирок бул биздин күнөө эмес.

Жүрөк оорусунан "өлгөнү жаткан" 62 жашар аял дарыгерлердин бригадасын күлгүн кызыл жибек халатчан тосуп чыкты. Араң жан үнү менен ал айым, денесинин соо жери жок, колу да, буту да, жүрөгү да баары ооруп жатканын айтты. Анан калса, жакынкы күндөрү эле микроинсульт болгом дейт.

— Диагнозду сизге ким койду эле?

— М-м…, кандай десем… Өзүм…

Анын жүрөгү 18 жаштагы кыздыкындай экенин кардиограмма көрсөттү. Кан басымы да жайында. Ал турсун, бутундагы жаңы педикюр да жылтылдагансыйт. Дарыгер үмүттү жандырган тыянагын айтканда, айым шашкалактай кетти:

— Эми эмне мен поликлиникага барышым керекпи? Мен бара албайм, ал жерде мага жаман болот, ал жакта кезек көп!

— Түшүнүңүз, сиз өлгөнү жаткан жоксуз. А кезек боюнча болсо, нааразылыгыңызды министрликке айтыңыз. Мага эмес.

Алсыз акырын үн катуу чабуулга айланганда дарыгерлердин бригадасы тез чыгып кетишти.

— Мындай чуулгандуу айымдар көп туш болобу?

— Дайыма. Бизде кардиологиядагылардын жарымы дал ушундайлар. Поликлиникага чуркагандан эригип, тез жардам аркылуу ооруканага түшкөнгө аракет жасашат. Убакытты да, күчтү да алышат. Түнкүсүн кыларга иши жок кемпирлер да бар. Менде ошондой бирөө болгон. Азыркыга чейин аты да, дареги да эсимде. Күйөөсү жүрөк оорудан өлүп калыптыр. Ошон үчүн мээсинен бир аз айнып калган экен: ар түнү ал өзүн өлүп калчудай сезе берет. Биз ага ат тезегин кургатпай барып турчубуз. Бир күнү аны, эгер эч нерсе таппасак, айып салабыз деп коркуттум. Дароо чакырыгын токтоткон.

— Эң өкүнүчтүүсү, ошондой адамдардын айынан силер чын эле муктаж болгондорго жетишпей жатасыңар да…

— Дагы тамашакөйлөр деген бар. Тез жардамды кайсы бир дайынсыз дарекке чакырып коюшат. Биз келсек, телефондору өчүк болуп калат. Күйгүзөт да…

…Бир күндө биз ТЭЦтин бир жумушчусун жана көп сандагы чоң энелерди кароодон өткөрдүк. Дагы бирөөнү реанимацияга жеткиргенге үлгүрдүк. Бардык эле барган жерден ырахмат уктук деп айта албайм. Көпчүлүгү биз аларга милдеттүүдөй карашат, нааразылык, шек саноолор да болду. Жана кайра эле чакырык. Улгайган аялдын деми кыстыгып жатат, көгөрүп, сүйлөй албайт. Жолдогу тыгындардан эптеп өтүп, 30 мүнөттөн өткөндө гана жеттик. Жолдордо тез жардамдын машинасына кандай карашары жөнүндө кеп башка. Мына, биз көздөгөн жерге жеттик. Кунары качкан үй бир жагына ооп калган.

— Тиштебейт, кире бергиле!

Ырылдаган үнүнө караганда, ит ээсинин буйругуна баш ийчүдөй эмес. Бирок биз кирдик. Күңүрт жанган чырак. Кичинекей бөлмөдөгү төшөктө оорулуу жатат.

— Екатерина Николевна, эмнеңиз ооруйт?

— Аааааа… бүткөн боюмдун баары.

— Ичтиңиз беле?

— Жок.

— Апа, чыныңды айтсаң! Ооба, үч жумадан бери ичип жаткан.

Кепке күйөө баласы аралашып, тургандардын көзүнө карабай, Екатерина Николаевнаны көп ичкени үчүн жаман сөздөр менен урушуп кирди.

Екатерина Николаевнанын абалы начар. Кан басымы тез түшүп, эки жума мурун сынган колу болсо карарып шишип кеткен.

"Мен шаарда жок болчумун. Эч нерсе эмес, мунусун дарылайбыз. Жанын аман сактап калсаңар болду", — деп актанат кызы.

Неврология бөлүмүндө аны кабыл албай коюшту — инсульту жок, каалаган жагыңарга алып баргыла дешти. Жолдон аялдын деми кыстыгып, кан басымы дагы түшүп кетти. Кан тамырына куйган жана ичирген дарылар жардам бербей жатты. Бактыга жараша, токсикологиянын реанимациясына аялды тез эле жеткиришти. Күйөө баласынын Кудайга жана дарыгерлерге көрсөтмөлүү катуу жалынышына кулак салбай, Екатерина Николаевнаны өзүнө келтире башташты. Фуркат оорулуунун картасын толтурган соң, биз ал жерден кеттик …

— Эмнеге сиз эч качан бутуңузду чечпейсиз? Мага тез жардам келгенде, мен полду жаман жууп койгом, ошон үчүн дарыгерлер бут кийимдерин чечкен жок деп кайгыргам. Көрсө, силер такыр чечпейт турбайсыңарбы. Килемди деле тебелеп жүрөсүңөр.

— Жерде учтуу бир нерсе жаткан болсочу? Биз ар кандай кишилерге барабыз да. Анан калса, биздин эреже боюнча бут чечүүгө болбойт. Замбилди көтөрүп чуркаш керек болсо, биз бутубузду чечип-кийип отурабызбы? Ага убакыт керек.

— Ай-ий, коркунуч ушунча көп экен. Деги бул эмне иш, укмуш!

— Ооба, ошондой. Бирок мен азыр жашмын. Күч-кубатым, алым жетет.

— Кийин да жетеби? Беш жылдан кийин, мисалы?

— Билбейм.

… Кечки саат алты болду. Мен үйгө карай шаштым. Ал болсо кайра адамдарды куткарууга жөнөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0