Балдар үйүнүн таттуу "бизнеси": жетимдерди мектепке кантип даярдашат

© Sputnik / Фрейдберг / Медиабанкка өтүүЧычырканак. Архив
Чычырканак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сиз чычырканактын ашын терип көргөнсүзбү? Ысык-Көлдүн таштак жээктериндечи? Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында орун алган "Мээрим Булагы" балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жеткинчектерди мектепке кийинтиш үчүн ал жакта күнү бою жүрүшөт.

Кичине бала жаан астында ээн көчөнү бойлой бара жатты. Колунда кармаганы бир сынык нан – анын түштө да, кечинде да, эртең менен да жей турганы ошол. Андан кийин ага эмне буюрары белгисиз. Баланын күткөн да, издеген да эч кимиси жок. Жанынан өтүп бара жаткан киши наристеден көзүн ала качып, кадамын ылдамдай басты. 

— О-о, кудай, сенин курсагың ач тура!

— Сиз кимсиз, эжеке?

— Ким деген эмнең? Тааныган жоксуңбу? Мен сенин апаңмын да! 

"Мээрим Булагы" балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү Наргиз Мамытова ачка бала жашооңду кантип астын-үстүн кыла өзгөртүп жиберерин жана бир банка кыям канча жакшылык алып келерин Sputnik агенттигине айтып берди. 

— Наргиз, менчик балдар үйү дегенди кандай түшүнсө болот? Бул иштеп акча тапкыдай менчик бала бакча эмес да…

— Жок, албетте, андай эмес. Бул окуя көп жыл мурун башталган. Бир жолу менин апам көчөдө келе жатып бир ачка баланы көрүп калат. Анын жанынан жөн эле өтүп кете албай, үйгө ээрчитип келет. Анан дагы бирөөнү, ээрчитип келип отуруп, балдардын саны жыйырмадан ашканда, кароосуз калган бир имаратты сатып алат.

— Апам дейсизби?! Кандайча?

— Ооба, балдар үйүндө тарбияланган баарыбыз үчүн Гүлнара Дегенбаева — апа. 

— Ал эмнеге мындай ишти мойнуна алган? Болгондо да, жападан жалгыз? Демөөрчүлөрдүн аркасынан тынбай чуркап, турак-жай үчүн кармашыш керек … 

Интернаттагы балдардын жайкы эс алуусу үчүн өкмөт 5 миллион сом бөлөт
— Апам, эгер балдар жабыр тартып жатса, биздин коом эч нерсеге арзыбайт дейт. Ал балдарды абдан жакшы көрөт. Өзү балдар үйүндө чоңойгон, ошон үчүн жетимдиктин каарын жакшы билет. Каалайсыңбы – мына сага, таттуу же. Сага күнүнө мынча эле кесим нан тиешелүү деген жок. Дагы бизде ага-карындаш бири-бирин сүйүп, үйлөнө алышпайт. Ооба, бизде балдардын улуту, дини бөлөк, бирок биз бир тууганбыз. Улууларды урматташ керек. Кичүүнү да. Баары кадимки эле үй-бүлөдөй. 

Ооба, имарат үйү боюнча кармашканга туура келди. Бул, эгер билсеңиз, жөнөкөй имарат эмес. Мурда бул жерде эркектердин Ыйык Троица чиркөөсү жайгашкан болчу, ал 1882-жылы курулган. Ушул эле жерде үч доордун храмы сакталып калган. Биз аны кайрымдуу адамдардын жардамы менен эки жыл мурун калыбына келтиргенбиз. 

Согуш жылдары блокадалык Ленинграддан келген 156 бала жашаган экен. Ал балдарга ошол кезде 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова эне болгон. Бул Улуу эне жөнүндө уксаңар керек? Ал жакында эле, 11-июнда каза болду.

А "Мээрим булагы" болсо 1998-жылы негизделген.

— Кыям жасап, тапкан акчаны балдарга жумшоо жөнүндө ой кимге келди?

— Апама. Ал бизге эч качан кайыр сурабаш керек деп дайыма айтчу. Өзүңөр иштеп тапкыла. Балык сурабай, аны кармаганга кайырмак сурагыла дечү. Чычырканактын мөмөсү менен карагаттан жасаган биринчи кыямды биз беш жыл мурун чыгарганбыз. Жыл сайын беш миңге жакын банка жасайбыз. Бизге бүтүрүүчүлөрүбүз жардам берет. Алар эс алуу мезгилинде келишет. Азыр сегиз киши иштеп жатат. 

Жакшысы, Ысык-Көл мөмөгө бай. Карагат көп өсөт, жээктер чычырканакка толгон. Барып эле тере берсең болот. 

— Айтасыз да… Күнгө какталып чычырканак терген кыйын эле да, тикендери да саят… Бүтүрүүчүлөр буга оңой эле макул болушабы?

— Албетте. Кичинекей бөбөктөрүңө белек алып келгенде, алардын жайнаган көздөрүн көрсөңүз … Акчага да, чычырканакка тытылган колдоруңа да кайыл болосуң. 

— Кандай кыямдарды жасайсыңар? Алар канча турат?

Мен апамды күнгө теңейм. - Sputnik Кыргызстан
Баланын сүрөтүндөгү жазуу: "Апаңарды түшүңөрдө да таарынтпагыла"
— Биз өзүбүз балчелек кармайбыз, ошон үчүн кыямды бал менен кайнаттык. Карагатты бал менен жеп көрдүңүз беле? Ал витаминге ушунча бай дейсиз! Жарым литрлик карагаттын кыямы – 200 сом. Бал менен жасалганы 250 сом. Чычырканактыкы да 250. Бал кошулуп жасалган чычырканак 280 сом болот. Биздин ушундай жупуну өндүрүшүбүз бар.

Бизге дал ушул тапта акча керек. Мектепке бара турган 17 балабыз бар да. Аларга кийим-кече, окуу куралдары керек. Биз тубаса шал балдар менен карылар үйүндөгүлөргө да жардам беребиз. Бизге кудай берип жатат, ошон үчүн биз да Кудайдын колдоосу менен бөлүшүп турушубуз керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0