Быйыл Бишкек шаарында 40 чакырым эскирген кабелдер алмаштырылат

Жазылуу
Бишкек шаарында 1950-1994-жылдары тартылган жогорку чыңалуудагы кабелдер өз мөөнөтүн иштеп бүткөн. Азыр алардын өткөрүмдүлүгү талапка туруштук бере албайт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарында жыл аягына дейре 6/10-35 Киловольт жаңы кабель чубалгыларын алмаштырат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Электр оңдоо иштерин кылган кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Түндүкэлектро" ишканасы 158 чакырым ток өткөргүч зымдарды оңдоду
Бишкек шаарында 1950-1994-жылдары тартылган жогорку чыңалуудагы кабелдер өз мөөнөтүн иштеп бүткөн. Азыр алардын өткөрүмдүлүгү талапка туруштук бере албайт.

Учурда 6/10 Киловольт кабелди тартуу үчүн аңдарды казуу иштери Тыналиев/Ахунбаев, Байтик баатыр/Медеров, Абдрахманов/Москва көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Мындан кийин иштер Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарапта улантылмакчы. 

Жалпысынан "Түндүк электр" 2015-жылы өз эсебинен борбор калаа боюнча 40 чакырымга жакын 6/10 Киловольт эскирген кабель тармактарын алмаштырууну пландоодо. Бул планды ишке ашырууга бөлүштүрүүчү компаниянын бюджетинен 22 миллион сом бөлүү мерчемделген.

27-августка карата 16 чакырым ашык кабель чубалгылары алмаштырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0