Кыргыз уйлары шарпка туруктуу келет, андыктан оорунун жугуу кооптуулугу жок

Жазылуу
Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Мамлекеттик инспекциянын адистери бүгүнкү күндө ири мүйүздүү 627 миң 158 мал эмдөөдөн өткөрүлгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Мамлекеттик инспекция ири мүйүздүү малга шарп оорусунун жугуу кооптуулугу жоктугун айтты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. 

Аталган мамлекеттик инспекциянын адистери Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы эпизоотикалык абалды, анын ичинен уйлардын ооруга туруштук бере алар, албасын текшерип чыгышты. 

"Мониторингдин жыйынтыгы вакцина сайылган уйлардын шарпка каршы тура алышын көрсөттү. Республикада шарп ылаңы менен ооруган мал жок",— деп түшүндүрүштү адистер.

Маминспекциянын адистери бүгүнкү күндө ири мүйүздүү 627 миң 158 мал эмдөөдөн өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0