Торугарт жана Эркештам бажы пункттарынын иштөө мөөнөтү узарат

© Sputnik / Валерий Морев / Медиабанкка өтүүБажы көзөмөлдөө пункту. Архив
Бажы көзөмөлдөө пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгында Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун мааниси өзгөчө экенин билдирди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Синцзянь-Уйгур автономиялык району Кыргызстан үчүн Кытайга чыгуучу жол экенин аталган аймактын төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алуу учурунда билдирди. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.

Сариев Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгында Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун мааниси өзгөчө экенин белгиледи.

"Бул аймак аркылуу соода жолдору куралган. Ошондуктан Кыргызстан кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар", — деди өкмөт башчысы.

Сариев ЕАЭБдин алкагында чек араларды ачууга бардык органдар даяр болушун эскертти
Ошондой эле премьер-министр Ши Дагандан кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам бажы пункттарынын иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүүнү жана дем алышсыз иш тартибине өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Ши Даган Синцзянь-Уйгур автономиялык району Кыргызстан менен мамилени бекемдөө ниетинде экенин билдирип, Сариевдин бажы пункттарынын иштөө мөөнөтүн узартуу сунушун колдой турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0