Юстиция министрлиги жеке менчик жерлерди сатып алууну мыйзамдаштырат

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүФемиданын айкели. Архив
Фемиданын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме мыйзамга Кыргызстандын жарандарынын менчигине берилген жер тилкелери мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн кайра сатылып алынышына уруксат берген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелегени жатат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Юстиция министрлиги жарандардын менчигиндеги жер тилкелеринин мамлекет тарабынан сатылып алынышын мыйзамдаштырууну сунуштап жатканын аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан "Жер тилкелерин которуу" мыйзамына өзгөртүүлөр иштелип чыккан.

Мында жеке менчиктеги жерди мамлекеттин алуусуна тыюу салынышын жоюу каралган.

"Кыргызстандын жарандарынын менчигине берилген жер тилкелери мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн кайра сатылып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган мыйзам долбоору "мамлекеттик жана коомдук муктаждык" түшүнүктөрүн чечмелеп берет.

Мамлекеттик жана коомдук муктаждык — коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоо, эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо, кен иштетилүүчү жерлерди изилдөө, шаар парктарын, эс алуу жайларын куруу менен байланышкан маселелер.

Жаңылыктар түрмөгү
0