Ысык-Көлдө жыл аягына чейин үч мектептин курулушу аяктайт

Жазылуу
Ысык-Көл облусунда жалпы наркы 787 миллион сомдук 25 объект курулушу каралган. Анын ичинде 11 мектеп, эки спортзал, төрт медицина мекемеси, бир бала бакча, үч маданият имараты жана эки спорт комплекси бар.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги республикалык бюджеттен жана түрк кредитинин эсебинен каржыланып жаткан Ысык-Көл облусундагы курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Капиталдык төлөм" беренеси боюнча Ысык-Көл облусунда жалпы наркы 787 миллион сомдук 25 объект курулушу каралган. Анын ичинде 11 мектеп, эки спортзал, төрт медицина мекемеси, бир бала бакча, үч маданият имараты жана эки спорт комплекси бар.

"Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аталган объектилердин жетөөнү бүткөрүү пландалган. Бул курулуштардын болжолдуу сметасы 102 миллион сомду түзүп, анын 35 миллиону бөлүнгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Түрк кредитинин эсебинен Ысык-Көл облусунда жалпы баасы 346 миллион сомду түзгөн жети мектеп куруу пландаштырылган. 2015-жылдын аягына чейин 85 миллион сомдук үч мектептин курулушу аякташы керек. Учурда тийиштүү каражаттын 50 миң миллиону бөлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0