Баткендин Булак-Башы айылы таза суу менен камсыз болду

Жазылуу
Суу түтүгүн курууга жергиликтүү тургундар да активдүү катышып, айылды ичүүчү суу менен камсыз кылууга өз салымдарын кошту.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баткен облусунун 85 жылдан бери таза сууга муктаж Булак-Башы айылына суу түтүгү курулуп, сегиз кудук орнотулганын ПРООНдун өкүлү Жанна Хусаинова билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: табигый кырсык кесепеттерин жашоочулардын шалаакылыгы тереңдетип жиберет
Маалыматка ылайык, суу түтүгүнүн узундугу 2500 метрге жетет. Курулуш иштери Кулунду айыл өкмөтү, БУУнун качкындар боюнча башкармалыгы жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун каржылоосу менен ишке ашкан. Жалпы жонунан 1,4 миллион сомдук иш жасалган.

Суу түтүгүн курууга жергиликтүү тургундар да активдүү катышып, айылды ичүүчү суу менен камсыз кылууга өз салымдарын кошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0