Улуттук госпиталь капиталдык оңдоого жабылды

© flickr.com / garycyclesРемонт үчүн жабдуулар. Архив
Ремонт үчүн жабдуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 30-ноябрда, ашып кетсе 15-декабрда бүткөрүлүшү керек. Иш сапатын бөлүм башчылары көзөмөлдөйт.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Улуттук госпиталдын айрым бөлүмдөрү 24-августтан баштап капиталдык оңдоогоо жабыла турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Операция кылуучу лампа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кувейттен Кыргызстанга жаңы медициналык жабдуу келди
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаеванын айтымында, оорукананын нейрохирургия, нейротравматология, эндокринология, гастроэнтерология, реанимация бөлүмдөрүн жана кабылдаманы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бюджеттен 70 миллион сом бөлүнгөн. Мында имараттын чатырынан баштап, жер төлөсүндөгү сантехникалык, канализациялык жана жылуулук системасына чейин оңдоо каралган. 

"Буга байланыштуу госпиталдын жатып дарылануучу орундары 218ге чейин кыскарат. Аталган бөлүмдөр буга чейин жеңил оңдоп-түзөөдөн өткөн урология корпусуна жайгаштырылат", — дейт Сагинбаева.

Талапка ылайык, оңдоо иштери 30-ноябрда, ашып кетсе 15-декабрда бүткөрүлүшү керек. Иш сапатын бөлүм башчылары көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0