"Датка — Кеминдин" курулушу аяктады

© пресс-служба НЭС Кыргызстана"Датка — Кеминдин" подстанциясы. Архив
Датка — Кеминдин подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин премьер-министр Темир Сариев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толук бүткөрүп, ишке берүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. "Кыргызстандын Улуттук электр станциялары" ишканасына караштуу  "Датка — Кемин" электр линиясынын жана "Кемин" подстанциясынын курулуш иштери аяктады. Бул туурасында курулушту жүргүзүп жаткан кытайлык "Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd" компаниясынан маалымдама келгенин мекеме билдирет.

500 киловольттуу "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат. Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган. 

"Учурда "Кыргызстандын Улуттук электр станциялары" ишканасы курулушту кабыл алуу боюнча иштерди баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толук бүткөрүп, ишке берүү керектигин айткан. 

2012-жылы башталган "Датка — Кемин" электр линиясын куруу долбоору 390 миллион долларга бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0