Ауэзов көчөсү оңдолуп, жол кыймылы ачылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо кызматкерлери. Архив
Жол оңдоо кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмки жумадан баштап тротуарлар менен унаа токтотуучу жайларды, ошондой эле көчөдөгү көпүрөнү оңдоо башталат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Мухтар Ауэзов көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылганын мэрия билдирет.

Ремонт болгондой кийинки көчө абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Махатма Ганди көчөсү үч айлык ремонттон кийин ачылды
Маалыматка ылайык, көчөнүн Чүй проспектинен баштап Уркуя Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү 18-майдан тартып оңдоо иштери үчүн жабылган.

Бейшемби күнү жол ачылды, ал эми келерки жумадан баштап тротуарлар менен унаа токтотуучу жайларды, ошондой эле көчөдөгү көпүрөнү оңдоо башталат. Буга чейин жарыяланган тендердин жыйынтыгы менен көчөгө жарык коюлат.

Бүгүн Махатма Ганди атындагы көчө да үч айлык ремонттон кийин ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0