Сариев: мыйзамсыз жер берүү чечимин кабыл алгандар жоопко тартылышы керек

Жазылуу
Өкмөт башчы курулуш иштери үчүн мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамсыз чечим кабыл алгандардын жоопкерчилигин кароо керектигин билдирди.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Орто-Сай базарынын айланасындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды алдыруу боюнча ишти улантып, үч күндүн ичинде базардагы санитардык жана коопсуздукка байланышкан абалды иретке салуу тапшырмасын берди.

Молоток судьи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта айдоо жерлерди менчиктештирүүгө жол берген сот менен прокурор жоопко тартылды
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өкмөт башчы бүгүн Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө салынып жаткан жолдун курулушу жана Мухтар Ауэзов көчөсүндөгү жолду оңдоонун жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта айрым жерлер 2006-жылы курулуш иштери үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. 

Сариев бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамсыз чечим кабыл алгандардын жоопкерчилигин кароо керектигин билдирди. 

"Бир ууч адамдардын кызыкчылыгынан улам шаардын тургундарына ыңгайсыздык жаралбашы керек. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде мындай кемчиликтин баары жоюлуп, шаарыбыздын тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Муну бизден эл талап кылып жатат", — деди премьер-министр.

Сариев үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин оңдолуп бүтө турган жолдордун сапатына көңүл буруу керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0