Сариев шаардын жол белгилерин текшерүүнү талап кылды

Жазылуу
Премьер-министр жол чийиндерин түшүрүүгө канча убакыт керектигине кызыкты. Мэр буга байланышкан иштердин баарын ноябрь айына чейин бүткөрүү пландалганын кошумчалады.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Премьер-министр Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовго шаардагы жол белгилерин текшерип чыгууну бүгүн шаар активи менен болгон жолугушуусу учурунда тапшырды.

Сариев окуу жылынын башталышы менен жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн жалпы системанын даярдыгын дыкат текшерип чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Биринчи сентябрга карата бардык жол белгилери жана жол чийиндери жаңыртылышы керек. Каражат бар. Канча деген бала жол кырсыгына учурап жатат. Анын көпчүлүгү айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кайгуул кызматы буга өзгөчө көңүл бурушу керек", — деди өкмөт башчысы.

Премьер-министр жол чийиндерин түшүрүүгө канча убакыт керектигине кызыкты. Мэр буга байланышкан иштердин баарын ноябрь айына чейин бүткөрүү пландалганын кошумчалады.

Мындан тышкары, Кулматов жол чийинин түшүрүүдө каражатты үнөмдөө чечими кабыл алынганын маалымдады. Анын айтымында, эми термопласттын ордуна жол краскасы пайдаланылат.

"Бул каражатты үч эсеге үнөмдөйт", — деди шаар башчысы.

Сариев өз кезегинде мындай үнөмдөө иштин сапатына терс таасир тийгизбеши керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0