Коркмазовго карата бөгөт коюу чарасын кароо 1-сентябрга жылдырылды

© пресс-служба ЖКДепутат Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив
Депутат Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттын айтымында, Коркмазов бүгүнкү күндө жеке ооруканалардын биринде дарыланып, операция болор алдында турат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Пара алып жаткан жеринен кармалган депутат Хаджимурат Коркмазовго карата бөгөт коюу чарасын кароо боюнча сот отуруму 1-сентябрга жылдырылганын Жогорку соттун маалымат кызматы билдирет. 

Август айынын башында Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун Коркмазовду эки айга камакка алуу чарасын жокко чыгарып, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Прокуратура бул чечимге каршы чыгып, доо арыз менен кайрылган.

Прокуратура Коркмазовдун камакка алынышын талап кылат
Шаршемби күнү Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузууларга байланышкан иштер боюнча сот коллегиясынын ачык сот отурумунда Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев депутаттын бүгүнкү күндө ооруканада жаткандыгын жана операция боло турганын билдирди. 

Мындан тышкары, ал өзүнүн Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына иш сапарына кетип жаткандыгына байланыштуу бул ишти башка күнгө жылдырып берүүсүн өтүнгөн.

Прокурор адвокаттын бул өтүнүчүнө макул болду.

Сот коллегиясы адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып, сот отурумун кийинкиге жылдырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0