Чычкандагы өрттү өчүрүүгө дагы 60 куткаруучу жөнөтүлдү

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайындагы өрт. Архив
Чычкан капчыгайындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик өрт өчүрүү агенттигинин адистери 13-августта болжол менен саат төрттөрдө башталган тилсиз жоонун очогу 14-августта жок кылынганы менен толук өчпөй, түтөп жатканын маалымдашкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 251-253-чакырымында жайгашкан Чычкан капчыгайындагы Уу-Таш тилкесинде 50-55 гектар жер өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирет.

ӨКМ кызматкери өрт жеринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкандагы токойдо өрт өчүрүлө элек
Маалыматка ылайык, аталган аймакта арча, кайың, карагай токойлору күйүп жатат. Өрт өчүрүүгө ӨКМ, токой чарбасынан, Улуттук гвардия аскерлеринен 100дөн ашуун адам тартылган. Учурда дагы 60 куткаруучу жөнөтүлдү.

Мамлекеттик өрт өчүрүү агенттигинин адистери 13-августта болжол менен саат төрттөрдө башталган тилсиз жоонун очогу 14-августта жок кылынганы менен толук өчпөй, түтөп жатканын маалымдашкан. 

Аталган аймакты Токтогул районунун токой чарбасынын жана ӨКМ кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0