Ош облусунун казысы болуп Боронов дайындалды

Жазылуу
2015-жылдын июнунда Муфтияттын атесстациялык комиссиясы тарабынан Ош облусунун казылык кызмат ордуна конкурс жарыяланган. Азыркы күндө эки талапкер катталып, сынактан өтүү алдында турушат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали Арипов өз арызы менен кызматынан бошотулуп, казылык милдетти аткаруучу болуп Имамаззам ажы Боронов дайындалды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынан маалымдашты.

Бул боюнча буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кол койду.

"Имамаззам Боронов Египеттеги "Аль-Азхар" университетин жана Кыргызстан Ислам университетин бүтүргөн. Ал буга чейин Ош облусунун казысынын орун басары болуп иштеп келген. Ош облусунун казысы облустагы 822 мечитке жетекчилик кылмакчы", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Арипов 2014-жылдын январынан баштап Ош облусунун казылык кызматын аркалап келген. 

"Бул кызматтан өз арызымдын негизинде кеттим. Мындан ары ушул эле облуста болуп, диний тармактагы ар кыл иштеримди, окутуучулугумду улантам", — деди Ниязали Арипов Sputnik маалымат агенттигине.

Казыят 2015-жылдын июнунда Муфтияттын атесстациялык комиссиясы тарабынан Ош облусунун казылык кызмат ордуна конкурс жарыялангандыгын, учурда эки талапкер катталып, сынактан өтүү алдында тургандыгын кошумча билдиришти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0