Сариев Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 13 чакырымын кошумча оңдоону тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРеконструкцияланып жаткан Бишкек – Нарын – Торугарт автожолу.
Реконструкцияланып жаткан Бишкек – Нарын – Торугарт автожолу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек – Нарын – Торугарт автожолун реконструкциялоодо Долон ашуусунун бийиктиги 13 метрге ылдыйлаган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда курулуп жаткан жолдордун абалы менен таанышты.

Сариев: койдун туягына эмес, анын тукумунун жакшырышына көңүл буралы
Учурда реконструкцияланып жаткан Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунда подрядчылар тарабынан учурда 479 кубометр иш жасалган. Жыйынтыгында, Долон ашуусунун бийиктиги 13 метрге түшкөн. Андан сырткары, 26 чакырымдын астыңкы катмары жана асфальт-бетон менен капталган 8 чакырымдын үстүңкү катмары 8 метр кеңейтилген. 

Премьер Транспорт жана байланыш министрлигине долбоорго кирбеген дагы 13 оңдоого тапшырма берди. 

"Суук түшкөнгө чейин курулушту бүткөрүү керек. Албетте, муну менен катар эле оңдолуп жаткан жолдун сапатына көңүл буруу маанилүү",— деди Темир Сариев.

Учурда Сариев Нарын облусунда  иш сапары менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0