Күчүков: Кыргызстанга алынып келген балыктардын сапаты шек жаратат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБалык сатуу дүкөнү. Архив
Балык сатуу дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сатылган балыктардын көбү сырттан ташылып келет. Республика шек жараткан продукциядан өзүн толук коргой албайт. Мындай балыктарды жеген ден соолукка зыян.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанга сырттан алынып келген балыктардын сапаты шектенүү экенин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарбасы департаментинин жетекчиси Самарбек Күчүков билдирди.

Анын айтымында, эл сатып алып жаткан балыктын 80 пайызы импорттолот.

"Сапаты шек жараткан балыктар да бар. Албетте, алар текшерилет, ошентсе да, контрабандалык жол менен алынып келген селедкалар шек жаратат", — деди ал.

Күчүков Кыргызстан шектүү делген продукциядан өзүн толук коргой албай турганын кошумчалады.

"Мисалы, иштетилген балыктын калдыктары консерваланып, үчүнчү өлкөлөргө жиберилет. Мындай продукцияны жеген ден соолукка зыян, ууланууга алып келет", — деди Күчүков.

Андыктан, буга жол бербөө үчүн, Күчүков балыктан жасалган продукцияларды тандоону жана аны колдонуу ыкмаларын үйрөнүү керектигин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0