Балыкчы шаарынын мэриясы Боомдо автотыгында тургандарга жардам берет

© Фото / Бекжан СагынбаевБоом капчыгайындагы тоодон кум, шагыл кулап, жолду жаап калган.
Боом капчыгайындагы тоодон кум, шагыл кулап, жолду жаап калган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автотыгында тургандарга эмне жардам керектигин билүү үчүн Балыкчы шаарынын вице-мэри жөнөп кетти.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы тоодон кум, шагыл кулап, жолду жаап калгандыктан, анын эки тарабында тең автотыгын пайда болгонун жүргүнчүлөр кабарлап жатышат.

Автотыгында тургандарга жардам берүү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясы аракет кылып жатат. Шаар мэри Сатыбек Шамшидинов Sputnik агенттигине билдиргендей, окуя болгон жерге учурда вице-мэр жөнөп кетти.

"Боом капчыгайында автотыгында тургандарга эмне жардам керектигин билүү үчүн вице-мэрди жөнөттүм", — деди ал.

Бүгүн түшкө жакын Боом капчыгайындагы Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымына кум, шагыл түшкөн.

Боом капчыгайындагы кум, шагылдын кулоосу боюнча түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн премьер-министр Темир Сариев шашылыш жыйын өткөрүп, кооптуулукту азайтуу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0