Бишкектик кыз элди ашыкча салган маршруттук таксилер үчүн өкмөттү сотко берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектик кыз элди ашыкча салган маршруттук таксилер үчүн өкмөттү сотко берди
Бишкектик кыз элди ашыкча салган маршруттук таксилер үчүн өкмөттү сотко берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыз шейшемби күнү саат 15-00дө Бишкек райондор аралык сотунда каралат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жибек Орозбекова "маршруттук таксилердеги башаламандык үчүн" өкмөттү сотко бергенин юрист Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, шейшемби күнү саат 15-00дө Орозбекованын арызы Бишкек райондор аралык сотто каралат.

"Ал эл ашыкча салынган маршруткада жүрүүдөн тажап, өкмөттү сотко берди. Маршруткалардагы башаламандык үчүн өкмөт жооп берет экен. Орозбекова Жибек прецеденттер мектебинин стажеру. Ал стажировка маалында маршруттук таксилерге канча киши салуу керектиги боюнча стандарттардын бар-жогун аныктаган", — дейт юрист.

Токтакунов билдиргендей, Орозбекова бул маселе боюнча Транспорт министрлигине, Жол кайгуул кызматына, ИИМге, мэрияга кайрылган. Ал жактан стандарттар бар экенин, бирок кайсы жакта экенин билбей тургандыктарын атышкан.

Адвокаттын айтымында, Орозбекова жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча атайын комиссия бар экенин айтат. Ал ченем-укуктук актыны иштеп чыгып жана эреже стандарттарын, техникалык ченемдерди жана башка документтерди даярдашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0