Коргоо министрлиги Баткен окуясында курман болгондорду эскерди

© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министрлигинин шеврону. Архив
Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен окуясы учурунда Коргоо министрлигинин өздүк курамынан 44 адам курман болгон.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Баткен окуясында курман болгондор Бишкекте эскерилди. 73809 аскердик бөлүктүн өздүк курамы, аталган бөлүктөн кетип курман болгон аскер кызматчыларынын туугандары менен жакындары, баткенчилер кеңеши менен Жоокерлер энелери бир мүнөттүк аза менен эскеришти. "Баткен окуясынын катышуучуларынын" эстелигине гүлдесте жана гүлчамбарларды коюшту.

"Баткен окуясы учурунда Коргоо министрлигинин өздүк курамынан 44 адам курман болгон", — деп билдирди КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматынан. 

2001-жылы республиканын түштүк чектерин коргоо учурунда курман болгон 44 аскер кызматчылары КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн тизмесине түбөлүккө киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0