Ажыга бара тургандардын алгачкы тобу 25-августта учуп кетет

© flickr.com / Francisco OsorioМусульманин. Архивное фото
Мусульманин.  Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 орундук квота бөлгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчылардын алдыңкы тобу 25-августа Медина шаарына учуп кетет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

"Алгачкы рейс Ош шаарынан 25-августта, ал эми Бишкек шаарынан 27-августта учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда кетет. Кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарынан ажылык амалдарын аткарып бүткөн соң 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекендерине кайтып келишмекчи", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Учурда ар бир облуста ажы башчылары ажыга бара турган жарандар менен жолугуп, аларга ажылык тартип-амалдары  туурасында бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын сабактарды өтүшүүдө.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3685 орундук квота бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0