Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча КТРК телеберүү чыгара баштайт

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүБаңгизаттарды жок кылуу. Архив
Баңгизаттарды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамбеталиев менен Карыпбеков эл арасында сергек жашоону үгүттөө, баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашты.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Баңгизаттарына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат башчысы Рафик Мамбеталиев Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков менен жолугуп, кызматташууну талкуулады. Бул туурасында аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Спайс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы баңги заттардын түрлөрүнө КРде тыюу салуу сунушталууда
Тараптар баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча өлкөдөгү жүргүзүлгөн маалыматтык саясаттын алкагында өз ара иштешүүнү, ошону менен катар эле баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүүнү талкуулады.

Жолугушууда Мамбеталиев менен Карыпбеков эл арасында сергек жашоону үгүттөө, баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча иштери активдештирүүнү, КТРКнын эфирине баңги заттарына каршы темадагы социалдык жарнама жайгаштырууну макулдашты. Ал жумасына телесюжет түрүндө 10-15 мүнөттөн кетип турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0