Граффитчилер Боом капчыгайындагы сүрөтүнүн боёлушуна өз пикирин билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы бетон дубалдарга тартылган сүрөт. Архив
Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга тартылган сүрөттөр кыргыздын дүйнө таанымына туура келбейт деген активисттер 8-августта аларды үстүнөн боёй башташты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга сүрөт тарткан граффитчилер эмнеге сүрөт тартышкандарына түшүндүрмө берди.

Кыргызстанды чет жакка тааныткан Виктор Цой
Буга чейин бир катар активисттер маалымат жыйын өткөрүп, 100 метрдей узундукка тартылган граффити сүрөттөрүн боёй тургандыктарын айтышкан. Нурбек Үкүбаевдин айтымында, сүрөтчүлөр кыргыздардын аброюна шек келтирди жана тартылган сүрөттөр кыргыздардын менталитетине туура келбейт. 8-августта алар граффитинин кээ бир бөлүктөрүн боёшкон жана бул аракеттер дагы улантылат.

Сергей Киллер жана Дмитрий Петровский – талашка түшкөн сүрөттүн авторлору. Алардын айтымында, сүрөттөр жай айынын ортосунда basicolors көчө-фестивалынын алкагында тартылган. Алар бул иш-чараны уюштурган Виктор Цойдун чакыруусу менен катышкан. 100 метрлик дубалды Кыргызстандан жана Германиядан келген ондон ашык сүрөтчү тарткан.

"Анын мааниси абдан жөнөкөй: жүзүндө жылмаю бар эки дос келе жаткан коноктордон "кандайсыңар" деп сурап жатышат. Каарман катары биз байыркы балбал таштарды тандалып алганбыз. Кээ бир активисттер айтып жаткандай, алар эч кандай атактуу манасчылардын элесин бербейт. Бул ойдон чыгарылган бейнелер. Биз бардыгына тааныш  байыркы көрүнүштөрдү алып, аларды заманбапташтырганды жакшы көрөбүз. Мисалы, Чуйковдун "Советтик Кыргызстанды кызы" сүрөтүн Бишкекке жаңы образ менен тарттык", — дейт уюштуруучулар.

Кутусуна чылым чегүүнүн зыяндуулугу сүрөттөр түшүрүлгөн тамекилер Кыргызстанда сатыкка чыга баштады. - Sputnik Кыргызстан
Жагымсыз сүрөт түшүрүлгөн тамеки сатыкка чыга баштады
Граффити төрт күндө тартылып бүткөн.

Автивисттердин сүрөттү боёйбуз деген демилгесин сүрөтчүлөр терең өкүнүч менен кабыл алышты. Ошол эле учурда алар бардык пикирди сыйлай тургандыктарын жана эч кандай талаш-тартышка барбай турганын айтышты.

Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Тынчтыкбек Кожобеков Боомдогу сүрөттөрдү сыр сатып алып, граффити менен тааныштыгы бар башка жигиттерге бир түскө боётүүну сунуштады.

"Дубалдарды бир түскө татынакай кылып боётуп туруп, Манас!, Кыргызстан! Ысык-Көл! же дагы башка таасирдүү сөздөрдү жаздырып салалы", — деген пикирин жазды.

Ал ошондой эле, жаман-жакшы айтышкандан пайда жок экенин белгилеп, граффитчилер деле жакшы нерсе жасайлы дешсе керек деген оюн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0