Жарадар болгон россиялык альпинисттер тик учак менен Ошко жеткирилди

© Фото / Минобороны КРМи-8 МТВ тик учагы. Архив
Ми-8 МТВ тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альпинисттер тобу, алардын ичинен экөө оор жаракат алгандыктан, Гатжир мөңгүсүнө чыгып бараткан сапарын токтотууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Баткен облусунда кырсыкка учураган россиялык төрт альпинистти тик учак менен Ош шаарына алып келишти. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти.

Альпинисттер тобу? алардын ичинен экөө оор жаракат алгандыктан? Гатжир мөңгүсүнө чыгып бараткан сапарын токтотууга аргасыз болушкан. Спорчуларды мөңгүнүн этегинен, 4000 метр бийиктиктен Ак-Сай өрөөнүнөн алып келишти. 

"Айдын башынан бери КР куралдүү күчтөрүнүн Башкы штабынын тик учактары каза болгондорду алып жана жабыр тарткандарды сактап калуу үчүн үч жолу учту. Ал эми 2015-жылдан тарта 30 сактоо иши аткарылды", — деп билдирди Башкы штабдын маалымат кызматы. 

Сактоо иштерин МИ-8 МТВ тик учактарында тоолуу аймактарда учуп-конуп иштеп келген тажрыйбалуу учкучтар жүргүзөт. Мындай иштер адатта бороон-чапкын, аска-зоолуу, конууга, жабыркагандарды алып кетүүгө кыйын болгон жайларда жасалгандыктан, тобокелдик коштоп, тажрыйбаны талап кылат деп кошумчалады маалымат кызматы.

Жаңылыктар түрмөгү
0