Атамбаев Германиянын элчисин мекенине узатты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Гудрун Мария Срэга Кыргызстанда акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан реформалар менен өзгөрүүлөрдү оң баалап, мамлекет туура жолдо ишенимдүү баратат деп айтты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ сенаты Кыргызстандагы элчисине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин колдоду
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысы элчиге Кыргызстандагы жемиштүү ишине ыраазычылык билдирип, ишмердүүлүгүнүн учурунда мамлекеттеги демократиялык принциптерге негизделген башкаруунун жаңы системасын түзүү сыяктуу маанилүү өзгөрүүлөргө күбө болгондугун, ошону менен бирге кыргыз-немис кызматташтыгынын бекемделишине ар дайым түрткү берип келгенин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Гудрун Мария Срэга Кыргызстанда акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан реформалар менен өзгөрүүлөрдү оң баалап, мамлекет туура жолдо ишенимдүү баратат деп айтты. 

Президент элчи Гудрун Мария Срэгага жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, Германиянын президенти Йоахим Гаук менен канцлер Ангела Меркелге салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерди узатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0