Альтернативдүү кызмат өтөгөндөр прокуратура органдарына кабыл алынат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрмияда кызмат өтүүчү. Архив
Армияда кызмат өтүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Прокуратура жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Чек ара кызматынын 240 аскери мекенге кызмат өтөө үчүн ант берди
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам ден-соолугуна байланыштуу альтернативдүү кызмат өтөгөндөрдүн прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат кылуусуна жол ачуу максатында кабыл алынган. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0