Быйыл Ысык-Көлдө 15 чакырым жол курулат

Жазылуу
225 окуучуга ылайыкташкан Жон-Булак айылындагы мектептин курулушуна акча өз убагында бөлүнбөй жатканын уккан премьер-министр Каржы министрлигине жеринде байланышып, каралган каражатты тезинен бөлүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Быйыл Ысык-Көл облусунда 15 чакырым жол курула турганын премьер-министр Темир Сариев аталган аймакка болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү маанидеги ички жолдорду оңдоого кошумча бир миллиард сом каралган. Ошонун эсебинен Каракол шаарында 10, Балыкчыда үч жана Чолпон-Ата шаарында эки чакырым жол курулат. 

Сариев Түп, Жети-Өгүз райондорунда мектептердин абалы менен таанышат
Сариев жолдорду оңдоо, аймактардагы керектүү инфраструктураны оңдоо үчүн жаңы ишканаларды ишке берүү зарылдыгын белгилеп, ал үчүн жергиликтүү эл тоскоол болбошу керектигин билдирди.

Мындан соң премьер-министр Каракол шаарындагы "Жылуулук" ишканасынын оңдолуп жаткан имараты менен таанышты. Аталган ишкана шаардагы эки кичи райондогу көп кабаттуу турак жайларда жашаган 2527 абоненттерин жана төрт бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыздайт. Оңдоо иштерин Сариев октябрь айында келип текшерерин билдирди.

Өкмөт башчысы Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак жана Кызыл-Суу айылдарында мектептердин курулушу менен таанышты. 225 окуучуга ылайыкташкан Жон-Булак айылындагы мектептин курулушуна каражат өз убагында бөлүнбөй жатканын уккан премьер-министр Каржы министрлигине жеринде байланышып, тийиштүү каражатты тезинен бөлүүнү тапшырды. Мектеп долбоорунда ысык суу, дарааткана киргизилбегенине көңүп буруп, аларды тезинен долбоорго киргизүү керектигин билдирди. 

"Салынып жаткан мектептердин бардык шарты болуш зарыл. Жаңы курулуп жаткан ар бир мектепте таза суу, даараткана, ашкана жана спорттук зал болушу керек", — деди Сариев.

Өкмөт башчысынын Ысык-Көлгө болгон иш сапары 8-августка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0