Жол кырсыгынан жабыркаган МКК кызматкерлерин дарылоону өкмөт көзөмөлгө алды

Жазылуу
Ниязалиева Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментине дары-дармек менен камсыз кылууга тапшырма берди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Шайлоого керектүү жабдууларды текшерүү үчүн баратып жол кырсыгына кабылган Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева барып көргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Хабаровскиде болгон жол кырсыктан Кыргызстандын жараны жабыркады
Мекеменин кызматкерлери республиканын түштүк аймагына алып бара жаткан микроавтобус Токтогул районунун Чычкан капчыгайында аласалып кеткен. Натыйжада 18 адам жабыркаган.

Вице-премьер жабыр тарткандардын жакындары менен жолугуп, ооруканадагылардын баарына тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Учурда жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.

Мындан тышкары, Ниязалиева Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментине дары-дармек менен камсыз кылууга тапшырма берди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 14тү Бишкектин ооруканасына, экөө Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, экөөнө амбуларториялык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0