Кыргызстанда каза болгон альпинисттердин сөөгү Москвага жеткирилет

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда камсыздандыруучу компания альпинисттердин өлүмүн тастыктоочу медициналык документтерди күтүп жатат. Андан кийин каза болгондорду Москвага жөнөтүү уюштурулат. Сөөктү мекенине кайтаруунун баасы болжол менен 10 миң долларды түзөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын тоолорунда каза болгон альпинисттердин сөөгүн Москвага "РЕСО-Гарантия" камсыздандыруучу компаниясы жеткире турганын аталган ишкана билдирди.

Буга чейин Башкы штаб 2-августта каза болгон үч альпинисттин сөөгү Ленин чокусунун аймагынан эвакуациялаганын кабарлаган. Алдын ала маалымат боюнча, алар 30-июлда дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бири болгон Ленин чокусуна чыгуу учурунда каза болушкан. Альпинисттер Москва шаарында жашап келишкен.

Каза болгон альпинисттердин сөөгү Москвага бейшемби күнү жеткирилет
Компаниянын билдирүүсүндө бардык спортчулардын камсыздандыруу полиси "Альпинизм, тоого чыгуу" кошумча тобокелчиликке киргизилген.

Учурда камсыздандыруучу компания альпинисттердин өлгөнүн тастыктоочу медициналык документтерди күтүп жатат. Андан кийин каза болгондорду Москвага жөнөтүү уюштурулат. Сөөктү мекенине кайтаруунун баасы болжол менен 10 миң долларды түзөт. 

Мындан тышкары, "РЕСО-Гарантия" дагы эки жабыркаган альпинистти эвакуациялоону каржылайт. Анын бирөөсү катуу жөтөлүп ооруса, экинчисинин буту сынган. Аларга Кыргызстанда медициналык жардам көрсөтүлдү. Жабыр тарткандар учурда Москвага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0