Чүйдө шайлоого керектелүүчү жаңы жабдууларды текшерүү башталды

© пресс-служба города ОшБиометрикалык жабдуу. Архив
Биометрикалык жабдуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабдуулар Нарын жана Ош облустарында текшерилип жатат. Маалыматка ылайык, эртең, 6-августта масштабдуу текшерүү Бишкек шаарында башталат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Чүй облусунда шайлоого керектелүүчү жаңы программадагы жабдууларды масштабдуу түрдө текшерүү башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев текшерүүнүн өтүшүн көзөмөлдөө үчүн Чүй облусуна жөнөп кетти.

Үч күн ичинде Чүйдүн 396 шайлоо комиссияларында текшерүү жүрөт.

Учурда жабдуулар Нарын жана Ош облустарында текшерилип жатат. Маалыматка ылайык, эртең, 6-августта масштабдуу текшерүү Бишкек шаарында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0