Төрөт үйүндө каза болгон казакстандык келиндин өлүмү териштирилет

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүнүн кызматкери. Архив
Төрөт үйүнүн кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулуу Бишкекке Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Жанатас шаарынан жатын шишигин операция жасатып алдыруу үчүн келген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкектин №2 төрөт үйүндө операциядан кийин комадан чыкпай каза болгон казакстандык келиндин өлүмү боюнча Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо департаменти кызматтык териштирүү үчүн комиссия түзгөнүн тийиштүү министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ооруканадагы оорукчандын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык келин Бишкектин төрөт үйүндө каза болду
Оорулуу Бишкекке Казакстандын Жамбыл облусундагы Жанатас шаарынан жатын шишигин алдыруу үчүн операция жасатканы келген.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Азамат Алымбаев казакстандык келинге операция ийгиликтүү жасалганын, кан куйгандан кийин күчтүү реакция жүрүп кетип, оорулуу комага түшүп калганын маалымдаган. Казакстандык жаран эсине келбей жатып 1-август күнү каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0